«Татыктуу Жашоо - Жизнь в Достоинстве» долбоорунун командасы үй-бүлөлүк зомбулукту четтетүү боюнча окутуучу тренингден өттү

July 13, 2023, 22:05

«Татыктуу Жашоо - Жизнь в Достоинстве» долбоорунун алкагында долбоордун машыктыруучулары, психологдору жана юристтери «Татыктуу Жашоо» методологиясы боюнча окутуучу тренингден өттү. Бул тренингдин максаты «Татыктуу Жашоо» методологиясы боюнча долбоордун командасын окутуу болуп калды, андан соң алар долбоор тандаган үй-бүлөлөрдө жагымдуу социалдык жана экономикалык чөйрөнү түзүү максатында алар менен иштемекчи.

 

 

Долбоордун кыскача сыпаттамасы:

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) өнөктөш «International Alert» уюму менен биридкте Чүй областынын Ысык-Ата районундагы Ивановка айыл округунда «Татыктуу Жашоо» долбоорун ишке ашырат, ал Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан финансыланат. Долбоор үй-бүлөлөрдүн жүрүш-турушун өзгөртүүнүн жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн эсебинен үй-бүлөнүн деңгээлинде гендердик стереотиптерден жана кодулоодон арылууга жана гендердик зомбулукту төмөндөтүүгө багытталган.