2023-жылдын 3-июлунда “Ынтымак 2” паркында “Сейилдеги серенада” поэзия кечеси өттү.

July 4, 2023, 15:13
Кечеде КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Шабыт” эл аралык фестивалынын дипломанты, “Чечен айтыш” телетаймашынын бир нече жолку жеңүүчүсү,

“Дил чабыт” жана “Жаралуу сезимдер” поэтикалык китептердин автору Жылдызбек Турсунбаевдин, Нурборбор чыгармачылык академиясынын мүчөсү. «Коштошуу» аттуу прозалык, «Саябандагы муза» ыр жыйнагынын автору, Республикалык “Манас” жаштар ордосу уюштурган “Жаш калем” сынагында баш байгеге, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Менин энем” аттуу ырлардын конкурсунда 1-орунга, Кыргыз радиосунун “Таланттар таймашы” сынагында 2-орунга ээ болгон Чолпон Орозалиеванын жана Эгемберди Эрматов атындагы адабий сыйлыктын дипломанты Республикалык “Таланттар таймашы” сынагынын баш байге ээси, Маданият министрлигинин ардак грамотасынын ээси, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын мүчөсү Садырбек Турдубек уулунун чыгармалары жаңырды.

Поэзия кечеси Жылдызбек Турсунбаев жана Садырбек Турдубек уулунун манас айтуусу менен башталып, акындардын айтыш өнөрүн тартуулоо менен коштолду. Ошондой эле авторлордун калемине таандык обондуу ырларды эстрада ырчылары Омар,Нурлан Насип,Байыш Момунов, Тотомидин &Сурма, Айнура Салахидинова аткарышты.

“Поэзия кечелери” Кыргызстандын белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунунмаданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.

КР экс-президенти Роза Исаковна Отунбаеванын жеке демилгеси менен Фонд 2016-жылдан бери 100дөн ашык акын катышкан 42 поэзия кечесин уюштурду.Быйыл бул демилге жаңы форматта уюштурулуп, ачык асман алдында экинчи ирээт өткөрүлдү.

Иш-чаранын катышуучулары арасында “Асылмед” клиникасынан белектер ойнотулду.