“Сейилдеги серенада” поэзия кечеси

June 29, 2023, 21:27
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду 2023-жылдын 3-июлунда “Ынтымак 2” паркында “Сейилдеги серенада” поэзия кечесине чакырат.

“Поэзия кечелери” Кыргызстандын белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунунмаданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.

КР экс-президенти Роза Исаковна Отунбаеванын жеке демилгеси менен Фонд 2016-жылдан бери 100 акын катышкан 41 поэзия кечесин өткөрдү.

Быйыл бул демилге жаңы форматта уюштурулуп, ачык асман алдында өткөрүлүп жатат.

3-июлда өтө турган поэзия кечесинде Маданияттын мыкты кызматкери, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Шабыт” эл аралык фестивалынын дипломанты, “Чечен айтыш” телетаймашынын бир нече жолку жеңүүчүсү, “Дил чабыт” жана “Жаралуу сезимдер” поэтикалык китептердин автору Жылдызбек Турсунбаевдин, Нурборбор чыгармачылык академиясынын мүчөсү. «Коштошуу» аттуу прозалык, «Саябандагы муза» ыр жыйнагынын автору, Стамбул шаарында өткөн жаш жазуучулардын форумунун катышуучусу,Республикалык “Манас” жаштар ордосу уюштурган “Жаш калем” сынагында баш байгеге, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Менин энем” аттуу ырлардын конкурсунда 1-орунга, Кыргыз радиосунун “Таланттар таймашы” сынагында 2-орунга ээ болгон Чолпон Орозалиеванын жана Эгемберди Эрматов атындагы адабий сыйлыктын дипломанты Республикалык “Таланттар таймашы” сынагынын баш байге ээси, Маданият министрлигинин ардак грамотасынын ээси, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын мүчөсү Садырбек Турдубек уулунун чыгармалары жаңырат.

Иш-чаранын катышуучулары арасында “Асылмед” клиникасы жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду тарабынан белектер ойнотулат.