5-Эл аралык Россиялык-Азиялык Монтессори конференциясы болуп өттү

November 22, 2013, 06:00

Россиядадагы Монтессори-кыймылынын 100 жылдыгына арналган монтессори-конференциясына сапар жөнүндө отчет.


 

Быйылкы жылы Россиядагы Монтессоринин 100 жылдыгына арналган V Эл аралык Монтессори Азия Конференциясы Москва шаарында өттү.

 

Конференциянын программасында төмөнкүдөй маселелер чагылдырылган:

- Баланын мээсинин өнүгүшү жана нейропсихологиясындагы заманбап изилдөөлөр;

- 0-1; 0-3; 3-6; 6-12; 12-18 жаш курактагы баланын өнүгүшү;

- Өөрчүшүнүн өзгөчөлүктөрү бар балдар;

- Билим берүү чөйрөсүндөгү менеджмент;

- Башка өлкөлөрдө Монтессори-жамааттын мамлекет менен ийгиликтүү кызматташтыгынын тажрыйбасы;

- Монтессори педагогика, мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик программасы катары.

Конференциянын алкагында лекциялар, мастер-класстар, тегерек столдор уюштурулду. Конференцияга 200гө жакын адис – Кытай, Корея, Япония, Голландия, АКШ өлкөлөрүнөн балдарга билим берүү адистери, россиялык билим берүү борборлорунун, коммерциялык эмес уюмдардын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн педагогдору катышты.

 

Сессиялардын көпчүлүгү баланын нейропсихологиясы жана мээсинин өнүгүшү жана мээнин өнүгүшүнүн баланын жүрүш-турушу менен өз ара байланышы жагындагы эң жаңы илимий иштеп чыгууларга арналды. Бул изилдөөлөр баланын өнүгүшүнүн курактык мезгилдери жөнүндө жана ар бир куракка ылайык окутуунун ырааттуулугу жөнүндө Монтессори-педагогиканын негизги жол-жоболорун илимий жактан ырастайт.

 

Бир нече лекция методиканы окутууга, монтессори-педагогиканын талаптарына арналды.

 

Монтессори-билим берүү мекемелеринин менеджментине арналган лекция кызыктуу болду. Келечекте Бишкекте билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн бул темада лекция жана семинар өткөрүү пландаштырылып жатат.

 

Ата-энелер үчүн атайын тематикалык лекциялар уюштурулду, аларда ата-энелер педагогикалык концепциялар жана алардын айырмалары жөнүндө, баланын өнүгүшүнүн этаптары, ошондой эле ата-энелердин муундары жана алардын өзгөчөлүктөрү сыяктуу кызыктуу темалар жөнүндө биле алды. Конференцияда көптөгөн (100гө жакын) жаш энелер болду, айрымдары эмчектеги балдары менен келди.

 

Конференциянын алкагында Голландиядагы, Санкт-Петербургдагы, Москвадагы өндүрүүчүлөрдүн өнүктүрүүчү балдар материалдарын жана жабдууларын сатуу көргөзмөсү уюштурулду, анда Бишкектин эки монтессори-бакчасы үчүн материалдар сатып алынды.

 

Мындан тышкары, Москва шаарынын Монтессори-мектептерине жана Монтессори-балдар бакчаларына тааныштыруу экскурсиялары уюштурулду. Монтессори-мектеби жалпы билим берүүчү орто мектептин имаратында үч классты ээлейт. Окутуу 1-класстан 4-класска чейин жүргүзүлөт. Москва шаарынын жана Россиянын Монтессори-мектептери азыр батыш үлгүсү боюнча андан ары өнүгүү маселесинин алдында турат, бул кошумча адамдык жана материалдык ресурстарды, ошондой эле жалпы билим берүүчү мектеп үчүн расмий мамлекеттик программа менен эриш-аркак аракеттенүү жана билим берүүчү мамлекеттик стандарттарга шайкештик жөнүндө маселени чечүүнү талап кылат. Бул маселеде принциптүү айырмалар бар, анткени кала берсе сабактардын узактыгы, баалоо ыкмалары маселелеринин принциптүү айырмачылыктары бар.