Түрк кызматташтык жана координация агенттиги менен кызматташтык уланат

June 13, 2023, 23:58

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун директорунун орун басары Роза Кайыкова жана фонддун өкүлдөрү Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору Осман Уста менен жолукту.


Жолугуу учурунда Жайлоо өнүгүү борборлорунун тарбиячыларынын Түркияга тажрыйба алмашуу программасын уюштуруу талкууланды. Түрк кызматташтык жана координация агенттиги “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” ишмердигин активдүү колдоого алып келген уюмдардын бири.Буга чейин ТИКА жана Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзунун (TDBB) колдоосу менен Кыргызстандын жетимиштен ашуун бала бакча педагогдору Түркияга тажрыйба алмашуу максатында барып келишкен.Алар Түркияда алган тажрыйбаларын жана маалыматтарын өнүгүү борборлорунда жана бала бакчаларда ийгиликтүү колдонуп келишет.