Мугалимдерди инновациялык педагогикалык технологияларга окута турган негизги машыктыруучулар үчүн тренингдер өттү

June 6, 2023, 11:06

2023-жылдын 27-майынан тартып 31-майына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы «Келечек үчүн билим берүү» долбоору боюнча тапшырманын алкагында мугалимдерди инновациялык педагогикалык технологияларга окута турган негизги машыктыруучулар үчүн тренингдер өттү.

 

Бул долбоордун алкагында Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын областтарынан жана Бишкек шаарынан 6150 мугалим инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM-билим берүүнүн негиздери боюнча окутуудан өтөт.

 

Долбоорду аткаруучулар – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, «AC Consulting» ЖЧК жана Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин алдындагы Инновациялык колледж. Үч уюмдан турган консорциум «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун максаттарына жетишүү үчүн фасилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдү бирге өткөрөт, долбоор Кыргызстандын билим берүү системасын жакшыртууга жана окуучуларга келечекте ийгиликтүү мансап үчүн зарыл болгон сапаттуу билимди камсыз кылууга чакырылган.