Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзунун (TDBB) башкы катчысы Фахри Солак мырза менен жолугушуу өттү

June 12, 2023, 10:59

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Ш.Кендирбаева жана директордун орун басары Р.Ж.Кайыкова Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзунун (TDBB) башкы катчысы Фахри Солак мырза менен жолугушту.Жолугушуу учурунда Фонддун өкүлдөрү Түркияда кыш айларында орун алган жер титирөөдөн жабыр тарткандарга көңүл айтышты.Ошону менен бирге жакында болгон шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, шайланып келген өлкө башчысына жана парламентине ийгилик каалашты.​​​​​Андан сырткары, Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзу менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун жемиштүү көп жылдык бирге иш алып баруудагы ийгиликтер тууралуу пикир алышуу болду. Буга кошумча,салттуу болуп калган Жайлоо өнүгүү борборлорунун педагогдорунун бул жылкы Түркияга сапарын уюштуруу тууралуу сүйлөшүлдү.