«Устат» насаатчылык долбоорунун биринчи раундунун жабылышы жөнүндө пресс-релиз

November 23, 2013, 06:00


2013-жылдын 22-ноябрында Парк Отелде «Устат» насаатчылык долбоорунун биринчи раундунун жабылышы болуп өттү.

 

Биз Кыргызстанда жогорку бийлик эшелондорунда лидер аялдардын бүтүндөй тобу – Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен институттарга башчылык кылган биринчи жетекчилер иштеп жатканына сыймыктанабыз. Алардын билими жана коомдук-саясий башкаруу тажрыйбасы, кыйла турмуштук тажрыйбасы бар, алар ушуларды өз Мекенине кызмат өтөөгө ниеттенген жаш шакирт кыздар менен бөлүштү.

 

«Устат» долбоорунун насаатчылары мамлекеттик башкаруунун төмөнкүдөй 9 тармагын билдирет: КР Жогорку Кеңеши, Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Башкы Прокуратура, Юстиция министрлиги, Менеджмент жана Дизайн университети, КР Өкмөтүнүн Аппараты, Жогорку сот, КР Эсептөө палатасы.

 

Долбоордун башкы максаттарынын бири устат менен шакирттин ортосундагы кызматташтык болду. Долбоордун ар бир катышуучусу устат менен баарлашуу, анын ишине байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул жолугушуулар шакирттерге келечектеги кесиптик иш үчүн лидерлик сапаттарды жана башкаруу жөндөмдөрүн алууга жардам берди. Ошондой эле маселелердин чөйрөсү боюнча устаттын өзү менен жеке баарлашуу жана кайчы байланыш процессин жолго коюу мүмкүн болду.

 

Долбоорго мамлекеттик башкаруунун ар кандай чөйрөлөрүнөн, жеке жана банктык сектордон 25-35 жаш курактагы, жеке жана кесиптик жактан өнүгүүгө умтулган 24 кыз катышты. Шакирттер лидерлик мектебинен (кесиптик тренингдер) өтүп, жаңы нерселерге үйрөнүүгө, өзүн өнүктүрүү процессин жакшыртууга, баарлашуу жөндөмүн өркүндөтүүгө мыкты мүмкүнчүлүк алды, кызыктуу адамдар менен кызматташуу мүмкүндүгүнө ээ болду жана өздөрүнүн карым-катыш чөйрөлөрүн кеңейтти.

 

«Устат» насаатчылык долбоорунун биринчи раундунун жабылышы бир нече бөлүктөрдөн турду.

 

Биринчиси – расмий бөлүк. Кеченин ачылышында «Устат» насаатчылык долбоорунун координатору Джамиля Биялинова долбоор жөнүндө отчеттук фильмди көрсөттү.

 

КР экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Роза Исаковна Отунбаева меймандардын алдында саламдашуу сөзүн сүйлөдү. Өз сөзүндө Роза Исаковна Кыргызстандын жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүндөгү аялдардын улам өсүп бараткан ролун белгиледи, ошондой эле бардык насаатчыларды жана шакирттерди долбоорго катышуунун жүрүшүндө алынган өз билимдерин арттырууга жана аларды башка кыз-келиндерге жана секелек кыздарга үйрөтүүгө чакырды. Роза Исаковна долбоордун бардык бүтүрүүчүлөрүнө ийгиликтерди жана кесиптик жактан өсүштү каалады.

 

Кеченин меймандарынын алдында АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Памела Спратлен айым сөз сүйлөдү. Элчи айым Кыргызстандын демократиялык жолу саясий процесстерге аялдар катышуусунун аркасында бүткүл региондо уникалдуу экенин кеп кылып, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын эли аялдардын ушундай устаттык жана лидерлик программаларын колдойт деп баса белгиледи.

 

Кыргыз Республикасындагы Улуттук демократиялык институттун директору Скотт Кирин мырза да кеченин меймандарынын алдында сөз сүйлөдү. Кирин мырза кыргыз тилинде сүйлөп, азыркы Кыргызстандын өнүгүшүндөгү аялдардын маанилүүлүгү жана ролу жөнүндө аңгеме курду.

 

Кеченин жабылышынын экинчи бөлүгү долбоордун насаатчыларынын жана шакирттеринин сөз сүйлөгөнү болду. Устаттар долбоорго катышуунун жүрүшүндө алынган уникалдуу тажрыйба жөнүндө жана аларга долбоордун таасири жөнүндө айтып берди, ошондой эле дээрлик бардык устаттар келечекте да насаатчы болууга өз ниеттерин билдирди. Шакирттер «Устатка» катышуунун жүрүшүндө ишке ашырылган өздөрүнүн жеке долбоорлорун презентациялады.

 

Раунддун жабылышынын үчүнчү бөлүгү дипломдорду тапшыруу болду. КР экс - президенти Роза Исаковна Отунбаева насаатчыларга дипломдорду жана шакирттерге сертификаттарды жеке өзү тапшырды.

 

Чакан концерт кеченин жабылышынын аяктоочу бөлүгү болуп калды. Долбоордун шакирттери концерт берди: Махабат Шаршеналиева Ниязылы Борошевдин «Таң булбулун», Атай Огонбаевдин «Ак тамак, көк тамагын» комузда кол ойнотуп аткарып, Адельфия Аманкулова менен Салика Абдимаматова өздөрү чыгарган ырларын окуп берди. Ошондой эле меймандардын алдына көптөгөн эл аралык музыкалык жана хореографиялык сыйлыктардын лауреаты, Ч. Базарбаев атындагы Бишкек Хореографиялык окуу жайынын 1-курсунун студенти Мария Наумова чыкты, андан тышкары, Атай Өмүрзаковдун «Мен бийчимин» бий студиясынын «0108 тобу» өздөрүнүн бийлери менен кеченин меймандарын кубандырды.