Баланы эрте өнүктүрүү жөнүндө «Бешке чейин үлгүр» тиркемесинде 20 миңге жакын ата-эне катталды

May 30, 2023, 06:15

Баланы эрте өнүктүрүү жөнүндө ата-энелер үчүн мобилдүү «Бешке чейин үлгүр» тиркемесинде 20 миңге жакын адам катталды. Мындай цифралар Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоого туш келтирилген, ата-энелер жана балдар үчүн «Алтын Казык» интерактивдүү фестивалында айтылды

Уюштуруучулардын маалыматтары боюнча, тиркеме кыргыз тилинде толук берилди жана баланы сапаттуу өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү. Тиркемеде бала өсүп жаткан чөйрө муундун өз алдынчалыгын өнүктүрүүгө жана аны туура тарбиялоого түрткү берет деп айтылат.

«Бешке чейин үлгүр» тиркемеси – бул дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүн бириктирип турган «Thrive by five» эл аралык глобалдык программасынын Кыргызстан үчүн адаптацияланган версиясы.

Тиркеме нейробиология жагындагы изилдөөлөргө негизделген жана баланын өмүрүнүн алгачкы беш жылынын маанилүүлүгү жөнүндө ата-энелердин маалымдар болушун арттырууга багытталган жана наристенин ийгиликтүү келечеги үчүн мыкты старт берүүгө ата-энеге жардам берет.

Долбоор 2022-жылы эрте өнүктүрүү боюнча «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан ишке ашырылган жана уюмдун 10 жылдыгына туш келтирилген, «Миндеру» фонду (Австралия) иштеп чыгуучу болуп саналат. Тиркеменин маңызын Сидней университетинин мээ жана акыл-эс борборунун (Австралия) илимпоздору иштеп чыккан.