“Укук булагы” долбоорунун алкагында ЖМК өкүлдөрү үчүн презентация өттү

May 4, 2023, 10:27
2023-жылдын 4-майында «Укук булагы» долбоорунун эксперттери Касеева Назира, Аленкина Наталья жана Эстебесова Нуржан ЖМК өкүлдөрүн Кыргыз Республикасындагы аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн изилдөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырышты.

Изилдөө АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен East West Management Institute (EWMI) коммерциялык эмес уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан “Укук булагы” долбоорунун алкагында Роза Отунбаеванын демилгеси фонду тарабынан өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында “Жеке маалыматтарды коргоо жана социалдык тармактарды коопсуз башкаруу боюнча практикалык көндүмдөр” деген темада ЖМК өкүлдөрү үчүн эксперт-тренер Сүйүндүк уулу Данияр тренинг өттү.

USAIDдин «Укук булагы» долбоору сот тутумунун ачыктыгын жогорулатуу, гендердик жана адамдарга багытталган сот адилеттигин илгерилетүү жана коррупцияны азайтуу аркылуу жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.