Баткенде жаңы долбоор ишке кирүүдө

April 29, 2023, 08:38

2023-жылдын 28-апрелинде Баткен шаарында “Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн” долбоору старт алууда. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү калкка жаңы долбоордун максаттары тууралуу маалымат берилип, жергиликтүү аялдар уюмдары менен кызматташуу  пландары талкууланды.



Долбоордун максаты - Кыргызстандагы климаттык коопсуздук маселелерин чечүүдө аялдардын жарандык коомдук уюмдарынын институционалдык потенциалын жогорулатуу жана стратегиялык деңгээлде чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусу үчүн жагымдуу чөйрө түзүү аркылуу демилгелүү аялдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын бирдиктүү иш алып баруу механизмдерин жана үлгүлөрүн жаратуу.



Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын биринчи айымы – Айгуль Жапарова, КР Жогорку Кенешинин депутаттары: Темирбаева Миргул, Мажитова Шарапаткан, Култаева Гулшаркан, Раимбачаева Винера, Исаева Джамиля, Лурова Лейла, Айдарова Айгүл, Алимжанова Нилуфар, Таалайбек кызы Жылдыз, КР Саламаттыкты сактоо Министри - Баатырова Гүлнара, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жигердүү аялдар, эл аралык уюмдар анын ичинде БУУнун Тынчтыкты куруу Фондусунун өкүлдөрү, БУУнун Кыргызстандагы аялдар түзүмүнүн өкүлдөрү, БУУнун азык-түлүк жана айыл-чарба уюму жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышышты.



Ошондой эле ушул күнү аталган иш-чаранын алкагында КР Жогорку Кенешинин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, пилоттук 9 айыл аймактын жетекчилери жана тургундары менен консультативдик жолугушуулар диалог түрүндө өттү. 9 пилоттук айыл аймактар булар Баткен районунда: Дара, Кара-Булак, Төр-Күл, Кыштут, Суу-Башы айыл аймактары; Лейлек районунда: Тогуз-Булак, Кен-Талаа, Сумбулла жана Лейлек айыл аймактары болуп саналат.

 


Маалымат үчүн: “Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн” долбоору Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан, 2023-2024-жж БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосу менен ишке ашырылыкмакчы.