"Жайлоо өнүктүрүү борборлору" демилгеси уюштурган сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү

April 3, 2023, 04:43
2023-жылдын 31-мартында "Жайлоо өнүктүрүү борборлору" арасында өткөн жана демилгенин ишмердүүлүгүн жайылтуу максатында журналисттер арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

“Мыкты тарбиячы” номинациясы боюнча:
I орун: Ысык-Көл облусунун Бозучук жайлоосундагы “Алтын балалык” жайлоо өнүгүү борборунун тарбиячысы Гүлзат Исмаиловага ыйгарылды.
II орун: Нарын облусундагы Роза Өмүракунова атындагы жайлоо өнүгүү борборунун тарбиячысы Жусупбек кызы Сезимге ыйгарылды.
III орун: Ош облусунун Алай районундагы “Гүлбурак” жайлоо өнүгүү борборунун тарбиячысы Нуралиева Айнагүлгө ыйгарылды.

"Жылдын мыкты Жайлоо өнүктүрүү борбору жана портфолиосу" номинациясы боюнча:
I орун: Нарын облусундагы “Жалгыз терек жоогазындары” жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды,
II орун: Баткен облусунун Лейлек районундагы “Ак шумкар” жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды,
III орун: Нарын облусунун Ат-башы районундагы К.Тыналиев атындагы жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды.

Ошондой эле журналистер жана блогерлер арасында тоолуу аймактардагы мектепке чейинки билим берүүнүн зарылдыгын чагылдыруу, балдарды өнүктүрүүгө багытталган “Жайлоо өнүгүү борборлору” ишмердүүлүгүн жайылтуу жана мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кеңири коомчулуктун, ата-энелердин жана ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн буруу максатында өткөн сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды:

Эң мыкты видео-материал номинациясында:
I орун: “Настоящее время” каналынын журналисти Мучкина Александрага “Как учатся дети в горах” материалы үчүн,
II орун: Аймактык Нарын телевидениесинин журналисти Садыкказиева Жыпарага “Жашыл шибердеги бакча” сюжети үчүн,
III орун: “МИР” телеканалынын журналисти Аматбекова Аидага “Сотни детей бесплатно посещают образовательные центры в горах Кыргызстана” сюжети үчүн ыйгарылды.

Эң мыкты газетадагы жана интернет басылмадагы макала номинациясында:
I орун: “Талас байрагы” газетасынын кабарчысы Тилекматова Акинайга макалалардын сериясы үчүн,
II орун: “Каракольская правда” газетасынын кабарчысы Толонбай кызы Элнурага жана “Теңир тоо” газетасынын кабарчысы Турдалиева Гүлнарага макалалардын сериясы үчүн,
III орун: “Талас байрагы” газетасынын кабарчысы Бейшеналиев Жоомартка “Жайлоонун салкын абасы-балдардын жок сарсанаасы” макаласы үчүн ыйгарылды.

Эң мыкты радио берүү жана подкаст үчүн:
II орун: “Жамааттык медиа” каналынын журналисти Кубатбекова Айгерим түз эфирде атайын уюштурган программасы үчүн ыйгарылат.

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана жайлоо бала бакчаларынын ишмердүүлүгүн чагылдырууда жогорку профессионалдык деңгээлди көрсөткөн сынактын баардык катышуучуларына ыраазычылык билдиребиз.