Пресс -релиз “Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө арналган 10 жыл”

April 3, 2023, 08:07

2023-жылдын 31-мартында Супара этно-комплексинде "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун 10 жылдык ишмердүүлүгүнүн натыйжалары менен бөлүшүү максатында маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-брифинг болуп  өттү.

 

Иш-чарага журналисттер, Фонддун көп жылдан берки өнөктөштөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты. Брифингдин жүрүшүндө "Роза Отунбаеванын демилгеси" Фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева “Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө арналган 10 жыл” аталган презентация жасады.


Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова өз сөзүндө Фонд көп жылдан бери өлкөдөгү кенже курактагы балдардын өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошуп келе жатканын белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.


Ошондой эле ар бир өнөктөш "Роза Отунбаеванын демилгеси" Фондунун ишмердүүлүгүнүн натыйжаларынын маанисин белгилешти.

 

2012-жылдын январында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду негизделген. Мааракелик датага байланыштуу биз Фонддун он жылдык ишмердүүлүгүнүн натыйжалары менен бөлүшкүбүз келди.


Бул жылдар аралыгында адамды өнүктүрүүгө, жарандык коомду чыңдоого көмөктөшүү,маданий, экологиялык жана кайрымдуулук программаларын жүзөгө ашыруу,тынчтыкты жаратуу, эл аралык саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматташтык маселелери жагынан коммуникативдик аянтчаларды кеңейтүү боюнча демилгелерди колдоо багытында көптөгөн ири жана маанилүү иштер аткарылды.


Фонддун көптөгөн демилгелери жана долбоорлору кенже курактагы наристелерден тартып, мектеп окуучуларын,орто жаштагы жарандарды жана кары картаңдарды камтыды. Борбордун жана алыскы аймактардын жашоочулары үчүн билим берүү,саламаттык сактоо жана маданият мекемелери менен бирге көптөгөн иштерди алып бардык.


Тактап айтканда, мектепке чейинки билим берүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруу боюнча 2013-жылы 23-ноябрда Парламенттик угуу өтүп, бир жылдык мектепке чейинки даярдык көрүү боюнча программа киргизилген. Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен 90 мыйзамсыз приватизацияланган бала бакчалардын имараттары кайтарылып берилген.


2021-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Билим берүү” боюнча беренесине Фонд тарабынан сунушталган мектепке чейинки билим алууга ар бир баланын укугу белгиленген 4-пункт киргизилген.

 

Он жылдын ичинде Фонд тарабынан 130 долбоор жана демилге ишке ашырылды.

 

·     Жыл сайын деңиз деңгээлинен  2000 метр бийиктикте малчылардын балдары үчүн   100дөн ашуун Жайлоо өнүктүрүү борборлору ачылып иштеп келет.Жайлоо өнүктүрүү борборлорунда 16 573 бала жана 6 000 ден ашуун ата-энелер окутуулардан өттү.

•           Бишкектеги 8 жаңы конуштарда Мобилдик өнүгүү борборлору иш алып барып, 6500 адамды камтыды.

•           50 000 катталуучу Фонддун “3 жаштан кийин кеч” инстаграм баракчасынан кенже курактан өнүктүрүү боюнча маалымат алып келишүүдө.

•           100дөн ашуун бала бакча мугалимдери эл аралык тажрыйба менен таанышып келишти.    

•           100дөн ашуун белгилүү адамдар “Жылдыздар китеп окуйт” акциясына катышышты.

 

Маданият жана билим берүү тармагында:

 

•           100 000 катышуучу, 100 билим берүү уюмдары катышкан жети масштабдуу эки күндүк Билим берүү фестивалдары өттү. 

•           7 жылдан бери жыл сайын өтүүчү жайкы жана кышкы STEM лагерлери иш алып барып келүүдө. 

•           217 лидер айым 2772 окуучу кызга “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында насаатчылык ишин алып барышты, 444 окуучу жалпы республикалык тестирлөө курсуна акысыз окушту

•           КР мектептердеги тамактанууну оптимизациялоо боюнча 73 семинар -тренинг жана 23 тегерек стол өттү.

•           13 000 ашуун адам 92 кындын 40 поэзия кечелерине катышышты   

•           10 000 ашуун балдар үчүн 50 интерактивдүү лекция жана концерттер өттү.

•           Ар кандай көргөзмө жана экспозицияларга 50000 ашуун адамдар катышышты.

•           Балдар жана өспүрүмдөр үчүн 54 мастер-класс жана 2 арт-лагерь өттү

•           3000 ашуун 50 жаштан улуу адамдар мобилдик технологиялар боюнча окутуулардан өтүштү.

 

Миграция тармагында

 

•           Дүйнө жүзүнөн чогулган кыргызстандыктар үчүн 24 өлкөдөн 155 спикер жана 1308 катышуучу менен 4 жолу  «Мекендештер» форуму өттү

• 2018-жылы Өлкө башчынын «КР Президенти алдындагы мекендештер менен байланыш боюнча кеңеш тууралуу» жарлыгы чыкты.

•           Айыл коомчулуктарында гендер жана миграцияны эске алуу менен жергиликтүү өнүктүрүү боюнча 8 стратегия иштелип чыкты.

•           5000 ден ашуун адам коопсуз миграция боюнча маалымдуулугн жогорулатты

Экология тармагында

•           95 билим берүү мекемелеринин аймагында 40 000 ашуун көчөттөр отургузулду.  

•           6500 жемиш дарактары айылдардагы мектептерде тамактандырууну оптималдаштыруу алкагында  отургузулду. 

•           30 дан ашуун масштабдуу эко-акциялар

•           40тан ашуун экология жөнүндө бала бакчалардын тарбиячылары үчүн лекциялар окулду.

•           Мектеп окуучулары менен экологиялык тарбия берүү боюнча 60 жолугушуу өттү

Фонддун ишмердүүлүгүнүн дагы бир артыкчылыктуу багыты-китеп чыгаруу.

Калк арасында китеп окуу маданиятын алга илгерилетүү максатында Фонд 2015-жылдан тартып ар кандай тематикалар боюнча китеп чыгаруу боюнча иш жүргүзөт:

«Өмүрү өрнөк адамдар» сериясы: Махатма Ганди «Өмүр таржымакалым же Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян», Уинстон Черчилль «Асти сын-багыла!» Мао Мао (Дэн Жун) «Менин атам Ден Сяопин», Си Цзиньпин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө», Дж. Ф. Кеннеди «Каармандык өрнөктөрү», Мохаммед ибн Рашид ал- Мактум  “Ой учкундары”, Вилли Брандт  “Тандалма сөздөр жана макалалар” кыргыз кинематографындагы айымдар жөнүндө «Назиктиктин күчү жана көркөм өнөрдүн катаалдыгы», Кыргызстандын сүрөтчү жана чебер айымдарынын династиялары жөнүндө «Энесин көрүп кыз өсөт”.

Балдарга арналган китептер:

«Манас сүрөттө» кыргыздардын баатырдык эпосу, «Тоо жаңырткан чагылган», «Балерина», «Ынтымак сыры», «Досторум менен конокто», «Балдарга базарлык», «Биз мектепке барабыз», «Кыргызстаныбызды изилдейбиз», «Кыргызстанды кыдырабыз», «Айман. Биринчи скрипка», «Исмаилдин сыйкырдуу үнү», «Муратбек жана музыкага карай жол», «Юрист болбой калган Юристанбек...», «Пеледен Мурзаевге чейин», «Кыз китеп», “Бүгүнкү Кытай ”,   “Кытай эл жомоктор” (түрмөгүн)

«Үч жаштан кийин кеч», «Мектепке даярдык» китептери Кыргызстандын шаарларында да, айылдарында да миңдеген үй-бүлөлөрдүн текчелеринен орун алган маанилүү маалымдама китеп болуп калды.

Белгилей кетсек, «Манас сүрөттө» китеби (кыргыз, орус, немис тилдеринде) эл аралык «Китеп искусствосу» сынагында баш байгени жеңип алган.

Сынакка Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандан бардыгы болуп 77 басылма катышкан. Сынактын 19 жылдык тарыхында биринчи жолу Кыргызстан Гран-при категориясында 1 миллион рубль утуп алган.

Сынактын жобосуна ылайык, «Гран-при» номинациясын жеңген  китеп басылып чыгып, акчалай сыйлыкка КМШ өлкөлөрүндө бекер таркатылат.

Буга чейин КМШ өлкөлөрүнүн арасында өтүп жаткан «Көркөм китеп» эл аралык сынагында «Манас кыргыздын баатырдык эпосу», «Балерина», «Искусство балдарга», «Ой учкундары», «Кыз китеп» кыргыз тилинде 1- жана 2-даражадагы дипломдор жана атайын сыйлыктар менен сыйланган.


Фонд тарабынан 50дан ашык өзгөчө  басылма даярдалып чыкты — бул биринчи жолу кыргыз тилине которулган эмгектер, түстүү жана кызыктуу открыткалар, Кыргызстандын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин репродукциялары жана календарлар.


Фонддун басма ишмердиги балдар жана жаштар арасында дүйнөлүк жана улуттук адабияттын эң мыкты басылышы деп таанылды.


Фонддун ар бир долбоору- бул күчтүү, билимдүү,маданий өнүккөн, экономикалык туруктуу Кыргызстанды куруу үчүн салым.