Түркия Республикасына жардам көрсөтүлдү

March 23, 2023, 09:42

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун” жамааты Түркия Республикасындагы жер титирөөдөн жабыр тарткандар үчүн материалдык жардамын көрсөттү. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганменен жолугуп, жер титирөөдөн жакындарын жоготкондорго көңүл айтуу менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун”жамаатынын жардамын тапшырды.


Догдургүл Кендирбаева жолугушуу учурунда элчи мырза Ахмет Садык Доганга оор апаттан жабыркагандарга тез айыгып кетүүлөрүн каалап, бир тууганбир түрк калкынын мындай оор кырдаалдан чыгып кетүүсү үчүн күч-кубат тиледи.