Ысык-көл облусунда “Бешке чейин үлгүр” тиркемесинин презентациясы өттү.

March 15, 2023, 05:43
2023-жылдын 14-мартында Ысык-көл облусунун Чырпыкты айылында жана Балыкчы шаарында “Бешке чейин үлгүр” тиркемеси менен ата-энелерди тааныштыруу болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында “Роза Отунбаеванын демилеси” эл аралык коомдук фонунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева «Баланын кенже курактагы өнүүгүүсүндө ата –эненин ролу» темасында интерактив форматында катышуучулар менен баарлашты.Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча өзөктүү багыттар жана ата-эненин эч ким алмаштыргыс ролу, милдети жөнүндө маалыматтар берилди. Баарлашууда өтө жандуу суроолор, көйгөйлөр айтылды.

Ошондой эле "Бешке чейин үлгүр"долбоорунун координатору Асель Джакыпбекова ата-энелерге тиркеме тууралуу кеңири маалымат берип, аны менен колдонуунун эрежелери менен тааныштырды.

Иш-чаранын катышуучулары мындай баарлашууну көптөн күткөнүн, издегенин белгилешип ыраазычылыгын билдиришти. Активдүү ата-энелерге долбоордун белектери берилди.

Жалпысынан Каракол шаарында, Чырпыкты айылында жана Балыкчы шаарында уюштурулган иш-чараларга 300гө жакын ата-эне катышышты.

Австралиялык Миндеру Фондунун колдоосу менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тартуулаган “Бешке чейин үлгүр” тиркемесинин мазмуну Сидней университетинин (Австралия) алдындагы Мээ жана Акылды изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан. Кыргыз жана орус тилине адаптациялоо ишинде кенже куракта өнүктүрүү тармагындагы көп жылдык тажрыйбасы бар кыргызстандык алдынкы адистер иш алып барышты.Колдонмодогу кеңештер жана иш-чаралар акыркы илимий изилдөөлөргө жана жергиликтүү каада-салт, маданиятка негизделген.

Эскерте кетсек, "Бешке чейин үлгүр" тиркемесинин жарык көрүшү "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун кенже куракта өнүктүрүү багытындагы кезектеги долбоору.

2022-жылдын ноябрь айында тиркеме колдонуучуларга тартууланган. Долбоор тууралуу аймактардагы ата-энелерди тааныштыруу максатында агартуучулук лекциялар буга чейин Ош, Жалал-Абад жана Нарын,Таш-көмүр шаарларында өткөн.. Бүгүнкү күндө тиркемени 14 миң ата-эне жүктөп алды.