Киль шаарындагы Глобалдык Экономикалык симпозиумдун чакыруусу боюнча Р.И.Отунбаева Германияга барды

October 8, 2013, 06:00

Глобалдык Экономикалык симпозиумдун чакыруусу боюнча Р.И.Отунбаева 27-сентябрдан 4-октябрга чейин Германияда болду. «Ийгиликти кайра карап чыгуу» темасындагы Симпозиум-2013 үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрынан 2-октябрына чейин Киль шаарында өттү.

 

Экс-президент ушул кадыр-барктуу Форумдун ачылышында Дойтче банктын Башкаруучусу Ю.Фитцшен, Финляндиянын мурдагы президенти, Нобель сыйлыгынын лауреаты М. Ахтисаари, Надежда Фондунун башчысы (АКШ) Дж.Брайант жана Жаңыча экономикалык ой-жүгүртүү институтунун президенти (АКШ) Р.Джонсон менен бирге сөз сүйлөдү.

 

Визиттин жүрүшүндө Берлинде Р.Отунбаева Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө кеңири лекция окуду. Ага 150гө жакын эксперт, коомчулук, студенттер жана аспиранттар чогулган Ф.Эберт Фондунда көптөгөн суроолор берилди. Лекцияда атайын мейман катары СДПГ партиясынын депутаты, тышкы саясий маселелер боюнча спикер доктор Р.Мютцених, ФРГнын мурдагы юстиция министри Г.Дойблер-Гмелин айым, ФРГнын Кыргыз Республикасындагы мурдагы Элчиси д-р Фр.Айхингер, Германиянын араб өлкөлөрүндөгү мурдагы Элчиси, профессор А.Зайферт жана башкалар болду.

 

Ал ошондой эле Борбордук жана Чыгыш Европанын ондогон өлкөлөрүнөн келген угуучулардын жана Берлиндеги Гумбольдт Университетинин Башкаруу мектебиндеги политология боюнча магистрдик программанын студенттеринин алдында Кыргыз Республикасындагы жаш демократиянын калыптанышынын жолдору жана көйгөйлөрү жөнүндө сөз сүйлөдү. Экс-президент кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту жана алардын алдында сөз сүйлөдү.

 

Р.Отунбаева Германия жардам Борборунун Берлин офисинин жетекчилиги менен жолугушту. Ал ошондой эле Берлиндеги Роза Люксембург Фондуна барды жана анын иши менен таанышты.