Жайлоо өнүктүрүү борборлору арасында сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

February 13, 2023, 09:25
Жайлоо өнүктүрүү борборлору арасында сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

“Мыкты тарбиячы” номинациясы боюнча:

I орун: Ысык-Көл облусунун Бозучук жайлоосундагы “Алтын балалык” жайлоо өнүгүү борборунун тарбиячысы Гүлзат Исмаиловага ыйгарылды.

II орун: Нарын облусундагы Роза Өмүракунова атындагы жайлоо өнүгүү борборунун тарбиячысы Жусупбек кызы Сезимге ыйгарылды.

III орун: Ош облусунун Алай районундагы “Гүлбурак” жайлоо өнүгүү борборунун тарбиячысы Нуралиева Айнагүлгө ыйгарылды.

"Жылдын мыкты Жайлоо өнүктүрүү борбору жана портфолиосу" номинациясы боюнча:

I орун: Нарын облусундагы “Жалгыз терек жоогазындары” жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды,
II орун: Баткен облусунун Лейлек районундагы “Ак шумкар” жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды,
III орун: Нарын облусунун Ат-башы районундагы К.Тыналиев атындагы жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды.

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз, сыйлыктарды тапшыруу күнү кошумча маалымадалат.