Р.Отунбаева менен Д.Кендирбаева Билим берүү жана илим министрлигинин «Кызматташтыкка кошкон салымы үчүн» медалдары менен сыйланды

January 23, 2023, 08:32

18-январда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн жана илимин өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы, ар тараптуу кызматташтыгы жана жигердүү иши үчүн министрликтин өнөктөрүнө «Кызматташтыкка кошкон салымы үчүн» медалдарын тапшырды.



Сыйлыктарды тапшыруунун алдында министрликтин стратегиялык пландоо, мониторинг жана талдоо башкармалыгынын начальниги Евгения Бойко өнөктөрдүн катышуусу менен 2022-жылдагы жетишкендиктер жана 2023-жылга пландар жөнүндө баяндама менен сөз сүйлөдү.



Кызматташтыкка кошкон зор салымы үчүн сыйлангандардын ичинде төмөнкүлөр бар: Фонддун уюштуруучусу Роза Исаковна Отунбаева жана Фонддун аткаруучу директору Догдуркуль Шаршеевна Кендирбаева.



«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ өзү негизделген учурдан тартып негизги багыт деп өлкөдөгү билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү тандап алды жана ондогон жылдар аралыгында көп сандаган билим берүүчү, маданий, экологиялык жана кайрымдуулук программалары менен долбоорлорун жигердүү ишке ашырып жатат.