Нарын облусундагы Миң булак айылында “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында ата-энелер үчүн кенже курактан өнүктүрүү темасында тренинг болуп өттү

December 20, 2022, 23:29
Бүгүн, 21-декабрда Нарын облусундагы Миң булак айылында “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында ата-энелер үчүн кенже курактан өнүктүрүү темасында тренинг болуп өттү.

Иш-чаранын максаты-кенже крактагы балдарды өнүктүрүүгө багытталган ата мекендик алдыңкы тажрыйбалар менен тааныштыруу жана эрте гендердик сезимтал чөйрө түзүү зарылдыгы тууралуу маалымат берүү.

“АтаМЕНен” долбоору Ага Хан Фонду менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Айылдардагы ден соолук комитеттеринин ассоциациясы менен өнөктөштүктө Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда.

Тренингдин алкагында катышуучуларга Сиднейдеги мээ жана акыл эс институту менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду ишке ашырган “Бешке чейин үлгүр” тиркемеси тууралуу маалымат берилди.