Кенже крактагы балдарды өнүктүрүүгө багытталган ата мекендик алдыңкы тажрыйбалар менен тааныштыруу иштери уланууда

December 19, 2022, 23:23

Бүгүн, 20-декабрда Нарын облусундагы Куланак айылында “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында ата-энелер үчүн кенже курактан өнүктүрүү темасында тренинг болуп өттү. 


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар балдарды өнүктүрүү жана эрте гендердик сезимтал чөйрө түзүү зарылдыгы тууралуу маалымат алышты.


Ошондой эле тренингдин алкагында кенже курактагы балдарды өнүктүрүүгө болгон алдыңкы тажрыйбалар менен тааныштыруу жана Сиднейдеги мээ жана акыл эс институту менен биргеликте ишке ашырылган “Бешке чейин үлгүр” тиркемесин менен таанышышты.


“АтаМЕНен” долбоору Ага Хан Фонду менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Айылдардагы ден соолук комитеттеринин ассоциациясы менен өнөктөштүктө Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда.