Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушуу

December 15, 2022, 23:19
Бүгүн, 16-декабрда “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева Таш Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушуп, кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча практикалык санарип платформалар тууралуу айтып берди.

Догдургүл Шаршеевна улуттук педагогиканын эң мыкты ыкмалары менен өнүктүрүү боюнча иштелмелер менен тааныштырды.

Аймактардагы ата-энелер менен жолугушуулар “Бешке чейин үлгүр” тиркемесин жайылтуу максатында, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун 10 жылдыгын белгилөө алкагында уюштурулууда.