Бүгүн "Бешке чейин үлгүр" долбоорунун командасы Жалал-абад шаарында

December 15, 2022, 04:12
ЖАМУ колледжинин конференц-залында "Роза Отунбаеванын демилгеси" Фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева "Баланын кенже курактагы өнүүгүүсүндө ата –эненин ролу" аталышында лекция өттү.

Ошондой эле иш-чарада "Бешке чейин үлгүр" долбоорунун координатору Асель Джакыпбекова тиркеменин шилтемесин кандай издеп, жүктөп алуу тууралуу айтып берип, колдонуунун эрежелери менен тааныштырды.

Иш-чаранын активдүү катышуучулары арасында "Бешке чейин үлгүр" долбоорунан белектер тапшырылды.

Эскерте кетсек "Бешке чейин үлгүр" тиркемесинин жарык көрүшү "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун кенже куракта өнүктүрүү багытындагы кезектеги долбоору. Бул саамалык да Фонддун 10 жылдыгын белигилөө алкагында ишке ашырылды.