14-декабрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде "Бешке чейин үлгүр" тиркемесинин бет ачары өттү

December 14, 2022, 23:06
Кечээ, 14-декабрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде "Бешке чейин үлгүр" тиркемесинин бет ачары өттү.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" Фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева балдарды кенже курактан өнүктүрүүнүн артыкчылыктары тууралуу сабак өтүп, "Бешке чейин үлгүр" тиркемесинин координатору Асель Джакыпбекова тиркемени жүктөп алуу жана пайдалануу тууралуу маалымат берди.

Окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев өзү катышып, келечектеги мугалимдерге жаңы билимдин, илимге негизделген тарбиянын зарылдыгын белгиледи.

Катышуучулар арасында активдүү суроо бергендерге "Бешке чейин үлгүр" тиркемесинин промо продукциялары белекке тапшырылды.