«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Д.Кендербаева «WearetheChildren» фото көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

November 14, 2022, 01:47

Мектепке чейинки билим берүүнүн жана өнүктүрүүнүн дүйнөлүк конференциясынын алкагында «WearetheChildren» эл аралык фото көргөзмөсү ачылды. Масштабдуу окуя мектепке чейинки курактагы балдардын өсүшүнүн жана аларды тарбиялоонун көйгөйлөрүнө адамдардын көңүлүн бурууга арналган.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Д.Кендербаева фото көргөзмөнүн ишине катышты жана Өзбекстандын мектепке чейинки билим берүү министрлигинин билим берүү бөлүмүнүн начальниги Шахноза Умарова менен жолугушту. Фонд менен Өзбекстандын мектепке чейинки билим берүү министрлигинин ортосундагы кызматташтыктын ыктымалдуу варианттары талкууланды. Шахноза Умарова Кыргызстандын экс-Президенти Роза Отунбаеванын Фонду жөнүндө, атап айтканда, «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» жөнүндө маалымдар экенин белгиледи.

 

Ошондой эле кенже курактагы балдарды өнүктүрүү жагында иштеп жаткан эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.