Реабилитациялык лагердин төртүнчү, жыйынтыктоочу күнү

November 3, 2022, 23:22
Бүгүн катышуучулар алган билимдерин бир сыйра бекемдеп, ар бир топтун жол картасы жана иш пландары презентацияланды.

Аныкталган көйгөйлөрдү жана чечимдерди атап өтүштү. Өтүлгөн тренингдер жыйынтыкталды.

Кечинде өнөктөш уюмдардын (UNW, WFP, Ага Хан ) өкүлдөрүнүн катышуусу менен аялдар үчүн салтанаттуу сый тамак уюштурулду. Банкет учурунда Ысык-көл районунун акими катышуучуларды жана иш чараны уюштуруучуларды куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

Эртең катышуучулар үйлөрүнө кайтышатшат. шаша Белгилей кетсек, бул реабилитациялык лагерь
Климаттын өзгөрүүсүнө, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча гендердик сезимтал адаптациялык иш чаралардын планын түзүү долбоорунун алкагында ишке агып жатат.

Долбоор Швейцария өнүгүү жана кызматташуу агенттиги тарабынан каржыланып, БУУ -Аялдар, БДА программасы, Ага хан фонду жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.