Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарынан келген лидер айымдар менен баарлашуу болот

October 29, 2022, 23:06

2022-жылдын 30- октябрында Бишкек шаарындагы  Шератон мейманканасында   Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарынан келген  лидер айымдарынын  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, тармактык  министирликтер жана ведомстволор, жарандык сектордун уюмдары, донорлор жана эл аралык уюмдар менен баарлашуусу болот.


Жолугушуунун темасы:  Тынчтык, биримдик жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн коомдун консолидациясы”.

Иш-чарага Баткен облусунун  Самаркандек, Кулунду, Ак-Сай, Капчыгай, Орозбеков жана   Ак-Турпак айылдарынын келген 130 аялдын  катышуусу күтүлүүдө.


Иш-чаранын максаты:  Баткен облусунун жабыркаган  айылдарынан келген лидер айымдардын мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана өнөктөштөр менен Баткендин чек арага чектеш аймактарындагы туруктуу тынчтыкты орнотууга  өбөлгө  болгон  жергиликтүү жамааттардын бейпилдигин жана   бакубаттуулугун калыбына келтирүү боюнча натыйжалуу ыкмаларды биргелешип аныктоо үчүн  ачык баарлашуусун  өткөрүүгө көмөктөшүү.


Иш чараны өткөрүү учурунда   бардык катышуучулардын тегиз пикир алышуусу үчүн  ачык диалогду камсыздаган жана аз убакыт ичинде сунуштарды иштеп чыккан  инновациялык ыкма колдонулаарын белгилеп кетебиз.


Жолугушуу бир эле учурда  төмөнкүдөй багыттардагы  топтордо өтөт:

· Тынчтыкты калыбына келтирүүдө, конфликттердин алдын алууда, бөөдө кырсыктарга даяр турууну камсыздоодо, калыбына келтирүү процесстеринде аялдардын лидерлиги жана алардын ролу, анын ичинде социалдык ынтымакты жана жамааттардагы биримдикти камсыз кылуудагы аялдардын ролу; 

·  Азык-түлүк коопсуздугу, таза сууга жана толук кандуу тамактанууга жеткиликтүүлүк; 

· Мамлекеттик органдар, жарандык коом жана жамааттар менен өз ара аракеттенүү жана алардын ӨК жана бөөдө кырсыктарды башкаруу учурундагы ролу, конфликттин жана зомбулуктун алдын алуу, маалыматтык технологияларды жана коммуникациянын инновациялык ыкмаларын колдонуу; 

· Билим берүүнун жеткиликтүүлүгү, анын ичинде тынчтыкты орнотуунун функционалдуу көндүмдөрү, ӨК даяр туруу жана конфликттердин алдын алуу; 

·  Медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк,  психологиялык туруктуулукту калыбына келтирүүдө аялдардын лидерлиги, жарандардын ден соолугу үчүн экологиялык таза жана коопсуз  айыл чарбасын пайдалануу боюнча чаралар.



Аталган иш чара  Гендердик аспектилерди жана тамактанууну эске алган климаттын өзгөрүүсүнө карата адаптациялануу боюнча иш чараларды илгерилетүү долбоорунун алкагында  өткөрүлүп жатат.  Долбоор  Кыргызстандагы  БУУ БДАП тарабынан  “БУУ-Аялдар” жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду менен  кызматташтыкта жүзөгө ашырылып жатат.  Долбоор Кызматташуу жана өнүгүү боюнча Швейцариялык Агенттиктин (SDC)  колдоосу менен каржыланган.


Иш чара  Шератон мейманканасында  саат 10.00 башталат.  


Толугураак маалымат алуу үчүн  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун  маалыматтык координатору  Шайдуллаева Топчугүлгө   кайрылууга болот.  +996 772 85 57 10