Роза Отунбаева "Ак жүрөк" кризистик борборуна өзүнүн пенсиясынан стипендия төлөйт

October 12, 2022, 10:30

Кыргызстандын экс-президенти, БУУнун Башкы катчысынын Афганистан боюнча жаңы атайын өкүлү Роза Отунбаева "Ак жүрөк" кризистик борборуна өзүнүн пенсиясынан стипендия төлөп турмакчы. Бул жөнүндө vb.kg редакциясына борбордун директору Дарика Асылбекова билдирди.

«Роза Исаковна биздин уюмду тандаганы, биздин эмгегибизди жана аракетибизди баалагандыгы биз үчүн таптакыр күтүлбөгөн нерсе болду. Мындай колдоо биздин борборубузду андан ары өнүктүрүү үчүн зор стимул болуп калды», – дейт Асылбекова.

Эске сала кетек, бул түштүктөгү жападан жалгыз кризистик борбор, ал жерде баш калкалоочу жай иштейт, ал жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган аялдарга жардам берет.