2016-ЖЫЛ: «Азыркы көркөм өнөрдөгү айымдар – балдарга»

October 10, 2022, 22:20

2016-жылы Фонд Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен «Азыркы көркөм өнөрдөгү айымдар – балдарга» долбоорун баштады.


Бул долбоордун бир нече компоненти болгон, алардын ар бири көркөм өнөр жана маданият жагынан бир «продуктуну» түзүүгө багытталган:


  • ·      Балдар филармониясы;
  • ·      Поэзия кечелери;
  • ·      Балдар үчүн мастер-класстар жана «Көркөм өнөр кварталы» экскурсиялары;
  • ·      Маданий мекемелердин кызматкерлери үчүн кызматкерлердин өздөрүнүн, ошондой эле өздөрү иштеп жаткан мекемелердин потенциалын жогорулатууга багытталган семинарлар;
  • ·      Балдар үчүн балет жөнүндө «Балерина» китебин түзүү, ал биринчи кыргыз балеринасы Бүбүсара Бейшеналиеванын турмушунан алынган фактыларга негизделген.