«Конушумда таза аба» долбоорунун алкагында Улуттук тазалык күнүнө карата экологиялык акция өткөрүлдү

October 8, 2022, 22:32

2022-жылдын 8-октябрында «Конушумда таза аба» долбоорунун алкагында Улуттук тазалык күнүнө карата экологиялык акция өткөрүлдү.


«Конушумда таза аба» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Миграция боюнча эл аралык уюм, «Евразиялык муун» коомдук фонду менен, Дордой Ассоциациясы, «Жаштар канатындагы» активисттер менен, МТУ №20 жана МТУ №6 менен бирдикте Улуттук тазалык күнүнө карата экологиялык акцияга жигердүү катышты.


Экологиялык акция Көк-Жар, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас, Ак-Тилек жана Керамика турак жай конуштарында өттү, ал жерлерде катышуучулардын саны 70тен ашык адамды түздү. Акциянын жыйынтыктары боюнча 200 мүшөктөн ашык таштанды чогултулду.