Жөнөкөй ата-эне баласын 5 жашка чейин мыкты өнүктүрүүгө кантип жардам бере алат?

September 7, 2022, 22:11

Бул TED Talk Minderoo фонду жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду менен биргеликте дүйнө жүзүндөгү ата-энелер жана тарбиячылар үчүн даярдалып ЮНИСЕФ тарабынан колдоого алынган


«Эгер мен “күкүк” оюну дүйнөнү өзгөртө алат десем эмне болот?» —деп TEDдин эң жаш спикери жети жашар Молли Райт суроо берип жатат. Илимий изилдөөлөр жактан далилденген ыкмаларга таянып, ата-энелер жана тарбиячылар жаш баланын мээсинин туура калыптанышын жана дени сак өнүгүшүн камсыздай алышат. Оюн ойноонун бөбөктөрдүн окуусуна, жүрүм-турумуна жана келечектеги жашоосуна тийгизген маанисин жана таасирин Молли Райт баса белгилейт.

Ал ата-энелер жана тарбиячылар бөбөктөрдүн мээсинин дени сак өнүгүшүнө, өмүр бою билимге умтулуусу, жүрүм-туруму жана жыргалчылыгы үчүн оюн ойноонун пайдасы жөнүндө айтып, бардык балдарга беш жашка чейин ийгиликке жетүүгө жардам берүү үчүн натыйжалуу стратегиялар тууралуу бөлүшөт. Сахнага бир жашар Ари жана анын атасы Амарджот чыгып, мээ боюнча изилдөөлөр тууралуу түшүндүргөнгө жардам беришет.