"Эгемен өлкө болгонубузга Горбачёвдун салымы чоң"

September 1, 2022, 21:18

Экс-президент Роза Отунбаева Советтер Союзунун биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёвдун тарыхта калтырган изи тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

- Советтик акыркы лидер, СССРдин биринчи жана акыркы президенти Горбачёвдин 91 жашында каза болду. Кыргызстандын эгемендигин алуусунда анын ролу кандай болду?

- Менин оюмча, Горбачёвдун бул жараяндагы ролу өтө чечкиндүү болгон, себеби ал кайра курууну, ачыктык саясатын баштады. Авторитаризмдин чынжырлары жумшап, бошоду. Бизде да эгемендик жөнүндө ачык-айкын сүйлөй баштадык. Эл демократиянын принциптерин түшүндү. Башкача айтканда, биздин көзүбүздү ачты. Дүйнө жүзүндө өзүңдү таанып-билип, урматтап жашоо дегенди бул киши баарыбызга көрсөттү десем жаңылбайм.

- Сиз Горбачёвду көрүп, жакындан сүйлөшүп, иштешип калбадыңызбы. Анын кайсы сапаттарына баа берчү элеңиз?

- Мен аны менен түздөн-түз иштешкен жокмун, ал киши СССРдин президенти, мен болсо Тышкы иштер министрлигинде иштеп турганда коллегияга мүчө болушума макулдугун берген, "Советтер Союзунун элчиси" деген атайын ыйгарымдуу наамды берген. Малайзияга мени элчи катары дайындаган. Ушул сыяктуу менин өмүрүмдөгү айрым учурларга бул кишинин түздөн-түз байланышы болгон.

Биз анын өмүрүнүн аягына чейин эле байланышып жүрдүк. 2018-жылы Москвага барганда ал киши менен жолуккам, бир топ китептерине кол тамгасын коюп берди эле. Көп маселелер боюнча биздин көз караштарыбыз бир болчу. Мен ал абдан адамкерчиликтүү болчу деп айткым келет. Формалдык, расмий бир эрежелерди жаман көрчү, костюм-шым кийип алып, галстук тагынып, "мага эч кимиңер жете албайсыңар" деген сыяктуу кыр көрсөтүп жүргөндү жактырчу эмес. Ар дайым жөнөкөй, кичи пейил, биз менен тең ата сүйлөшүп, баарына кызыкдар болуп турат эле.

Отунбаева менен Горбачев





- Орусияда СССРдин кыйрашы үчүн Горбачёвду күнөөлөгөндөр да бар. СССРди кайра түзүү идеялары акыркы жылдары көбүрөөк айтылып келе жатат. Ошол эле кезде көпчүлүк мамлекеттер эми артка кайтуу мүмкүн эмес дешет. Бул багытта Горбачёвдун позициясы кандай эле?

- Адамзат ар дайым тарыхка баа берип жашайт эмеспи, азыркыга чейин эле маселен Наполеон Бонапартка деле баа берип келишет. Ал эми Сталинди мурдагы советтик эл жана заманбап дүйнө бир да күн унутпайт. Горбачёвду тааныган муун деле Сталин тууралуу кызуу талкууларды жүргүзө алат. Горбачёв - дүйнөлүк масштабдагы фигура. Бул киши тууралуу дискуссия тынбайт, ар дайым болуп турат.

Муну жакшы көрүшсө да, жаман көрсө да, айрыкча сталинчилер аябай жек көрөт эмеспи. Ушундай жагдайларга карабай, Горбачёв тарыхтагы эң зор, олуттуу адамдардын бири деп айткым келет. Анан СССРди кайра жаратууну каалагандарга айткым келет, СССРди кыйраткан Горбачёв эмес да, ошол эле Ельцин баш болуп, аны кудай катары көргөн адамдар кулатты. СССРди славян өлкөлөрүнүн үч башчысы кантип кол коюп, кантип кыйратканын баарыбыз билебиз. Горбачёв дал ушул жараянды жумшартты. Ал "башкача жашайлы, СССРде туура эмес жашаптырбыз" деген эле жыйынтыкка келди. Кайра СССРди самагандарга айтат элем, айрыкча кыргыздардын бир нече миң жылдык цивилизациясы бар. Биз өзүбүздү ушунчалык даңазалап келебиз, тарыхтагы көптөгөн байыркы издерди казып чыгып, кыргыздын аң-сезимин толтуруп жатабыз, өлкөбүздү бутуна тургузуудабыз. Анан такыр эле биз "СССРсиз тентип кеттик" деген сөз туура эмес. Дүйнөдөгү 200 мамлекеттин катарында өз алдынча өлкө катары болуп турганыбыз, өзүбүздү таанып башкаларга көрсөтүп жатканыбызда Горбачёвдун салымы бар деп ойлойм. Ал бизге эгемендик алып, аны түшүнүп, эркиндикке умтулганга абдан чоң түрткү берди дегим келет.

- Сиз акыркы ирет төрт жыл мурда жолуккан турбайсызбы, анда Кыргызстандагы акыркы болуп жаткан өзгөрүүлөр, дегеле постсоветтик дүйнөдөгү саясий жараяндар тууралуу көз карашын айтты беле? Кандай ойдо эле?

- Сөзсүз бул жараяндар тууралуу сүйлөштүк, пикир алыштык. Эми Горбачёв ар дайым саясатта кайнаган, анын өзөгүнөн өсүп чыккан, ар түрдүү шарттарына бышкан адам да. Ал үчүн саясий багыттар ар дайым кызыктуу болчу, биз Кыргызстандагы абалды да сүйлөштүк. Анын "Горбачёвдун фонду" деген уюму Орусиядагы, дүйнөдөгү абдан курч саясий жараяндарды талкуулап, иш-чараларды өткөрүп турат. Албетте, анын саясатка кызыгуусу ар дайым болуп турган. Ошентсе аны баарына күнөөлөп, чоң мамлекетти талкалады деп түшүнүү туура эмес. Горбачёв жасап кеткен жакшылык арбын, эми муну таразалай келгенде таш кайсы тарапка оойт - мезгил, убакыт көрсөтөт.