Курман болгондордун үй-бүлөлөрү жана достору менен бирге кайгырабыз. Алар түбөлүккө эсте калат.

August 23, 2022, 14:08

Убакыт токтоп калды. Биздин мекендештерибиз Россия Федерациясынын Ульяновск областындагы жол-транспорт кырсыгынын курмандыктары болуп калды.

Жакын туугандарынан жана жакындарынан ажыроодон өткөн кайгы жок. Адамдын капысынан кыйылган өмүрү – ордун толтурууга мүмкүн болбогон жоготуу. Ушул каргашалуу ЖТКда курман болгон ар бир адамдын өз тилеги жана пландар, келечек үмүттөрү болгон. Эми алар ишке ашпай калаарын ойлогондо, жүрөк сыздайт.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу жана кызматкерлери каргашалуу автоапааттын натыйжасында курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Биз ушул оор, орду толгус жоготуунун кайгысын силер менен тең бөлүшөбүз. Курман болгондордун элеси унутулбайт, курман болгондордун туугандарына жана досторуна кайрат айтабыз.

Ушул оор күндөрү  бул кырсыктын натыйжасында жабыркагандар тез сакайып кетишин каалайбыз.