“Бүгүнкү Кытай” китеби басылып чыкты

August 16, 2022, 08:57

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан Кытайды терең таанып билүү боюнча өтө бай маалыматтар камтылган “Бүгүнкү Кытай” энциклопедия китеби  кыргыз тилинде басылып чыкты.  


Адаттагы көп китептерден, бул китептин  айырмасы  заманбап Кытай боюнча накта саякат китеби. Китеп аркылуу табышмактуу өлкөнү кыдырып,кызыктуу саякатка жол тартасыз. Императорлордун алтындан жабылган ак сарайларынын чатырларынын сырын, эмне үчүн Кытайда накталай акчаны колдонушпай тургандыгын, “Асмандын көзү” Кытайдын кайсы жеринде жайгашкандыгын, эң татаал иероглиф кандай маанини туюндураарын жана эмне үчун азыркы кытай искусствосу дүйнөдөгү эң белгилүү искусстволордун бири экендигин биле аласыз. Ошондой эле бүгүнкү күндө биз колдонуп жүргөн Кытайдын улуу табылгалары ж.б дагы көптөгөн кызыктуу маалыматтар менен таанышасыз. 


Китепте  санариптик инновациялык элемент бар,  сиз Кытай жөнүндө бай маалыматтарды тез таап, тиешелүү видеолорду көрүүгө жардам берген QR код менен англис тилинде видео аркылуу көп нерселер менен таанышасыз.Кооз сүрөттөр жана башкатырмалар менен таанышуу Кытайга болгон кызыгууну арттырат.    


Китеп дүйнө өлкөлөрүнүн жана элдеринин тарыхына кызыгып, заманбап Кытай жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалагандар үчүн сунушталат. 


Китепти чыгаруу демилгеси экс - Президент Роза Отунбаевага таандык. 


Авторлору: Алтынай Жунусова, Жаныбек Капаров 

Долбоордун эксперти: Кенжекан Усупова 

Дизайнер: Надежда Хабичевская 

Сүрөтчү-иллюстратор: Айзат Жунусова 

Орусчадан кыргызчага которгон: Эрлан Кадыров 

Редактор-корректору: Дастан Насиров 

Басманын корректору: Азиза Сулайманкулова 

 

Басылманы кыргыз жана орус тилдеринде сатып алуу мүмкүн. 

Баасы 1000 сом. 

 

Китептерин “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун кеңсесинен алдын ала ушул номерге чалып сатып алсаңыздар болот 0555004240.