"Жайлоо өнүгүү борборлорунун" туруктуу өнөктөшү- FINCA Банк быйыл дагы 5 бала бакчаны каржылады.

July 26, 2022, 00:41
"Жайлоо өнүгүү борборлорунун" туруктуу өнөктөшү- FINCA Банк быйыл дагы 5 бала бакчаны каржылады. Эрке-Сары, Тамаша, Ала-Бука Сай, Каманды жана Кут Ордо жайлоолорунда ачылган бала бакчаларга канцелярдык товарлар жана балдар үчүн белектер тапшырылды. Бул мекемелер жыл сайын жергиликтүү жайыттарда болгон малчылардын 150дон ашык балдарын тарбиялайт.

Балдар меймандарын кубаныч менен тосуп алып, дүйнөнү изилдөөгө, жаңы билим алууга жана мектепке жакшы даярданууга жардам бере турган белектерди кубаныч менен кабыл алышты.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду "Жайлоо өнүгүү борборлорунун" 8 жылдан берки туруктуу өнөктөшү FINCA Банк ка келечек муундун өнүгүүсүнө кошуп келген салымы үчүн ыраачызылык билдирет.