Компаньон Банкы 2022-жылы 5 «Жайлоо өнүгүү борборлорунун» ачылышына көмөк көрсөттү

July 29, 2022, 00:36

Компаньон банкынын колдоосу менен Ысык-Көл облусундагы “Наристе”, “Кызгалдак”,Нарын облусундагы “Адис-Адилет”,Ош облусундагы “Жекенди” өнүктүрүү борборлоруна канцелярдык буюмдар тапшырылып, ал эми Нарын облусундагы Р.Өмүракунова атындагы өнүктүрүү борборуна күн батареясы тапшырылды.


Демөөрчүлөр жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен тоолуу райондордо жашаган 3000ден ашуун балдар жана кыздардын мектепке чейинки билим алуусуна, өнүктүрүүчү,шыктандыруучу иш-чараларга катышуусуна шарт түзүлүп жатат.


“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун” туруктуу өнөктөшү “Компаньон Банкына” 6 жылдан бери тоолуу райондордогу жарандарыбыздын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканына ыраазычылык билдирет.