Бул жылы KICB Банкы 4 “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун” ачылышына көмөк көрсөттү

August 2, 2022, 00:30
Бул жылы KICB Банкы 4 “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун” ачылышына көмөк көрсөттү. KICB Банкынын колдоосу менен Ысык-Көл облусундагы “Периште”,Нарын облусундагы “Сезимтал”, “Баластан” жана Ош облусундагы “Бактылуу балалык” өнүктүрүү борборлоруна канцелярдык буюмдар тапшырылды.

KICB Банкы көптөгөн жылдардан бери "Жайлоо өнүктүрүү борборлорун" колдоп келет. Башында АКДН тарабынан демилгеленген "Жайлоо бала бакчалары" уникалдуу долбоору, сегиз жылдан бери “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылып "Жайлоо өнүгүү борборлору" аталышында ишке ашырылы келүүдө жана калктын аярлуу категориясынын - малчылардын балдарынын мектепке чейинки билим берүүгө бирдей жетүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтүү аркылуу социалдык маанилүү долбоорлорду өнүктүрүүгө жана алга жылдырууга үзгүлтүксүз кошкон салымы үчүн KICB Банкына ыраазычылыгын билдирет.