Роза Отунбаева Түп районундагы "Жайлоо өнүгүү борборлорунун" ишмердүүлүгү менен таанышты

July 26, 2022, 09:07
2022-жылдын 23-июлунда экс-Президент, "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун негиздөөчүсү, Роза Отунбаева Түп районундагы Чоң-Сары-Кыр жайлоосунда "Алтын-Балалык+", "Периште" Жайлоо өнүгүү борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш-чара учурунда бала бакчаларда тарбияланган балдардын чакан концерттик программасы көрсөтүлүп, кичинекейлер үчүн тогуз коргоол, робототехника, айрандын үстүнө жаратылыш сүрөтүн түшүрүү, чүкө оюндары, эстафета оюндары көрсөтүлдү. Тарбиячылар сабак өтүүдө колдонулган усулдар менен тааныштырып,балдардын жасаган иштери көрсөтүштү.