12-13-июлда Швейцариянын Люцерн шаарында «Чѳйрѳ 2022» Форуму болуп ѳттү

July 19, 2022, 08:38

12-14 июлда Люцерн шаарында  эки күндүк  «Чөйрө-2022» Форуму өттү. Форумда жигердүү кыргызстандыктар, IT көчмөндөр, кыргыз диаспораларынын лидерлери “Чөйрө" форумуна чогулушту. «Санариптик кылымдын чакырыктары-Кыргызстандын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк» аталышында өтүп жаткан Форумдун биринчи күнүндө  Германиядан, Англиядан, Австриядан келген  IT тармагында иштеген мекендештерибиз «Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү үчүн маалыматтык технологиянын ролу» боюнча  Ак-Бермет Богачиева (Volkswagen заводунда иштеген программист), Эркин Касымов (Англияда Deloitte уюмунун программисти), Мээржан Канатбекова (TU Wein университетинин магистранты) презентация жасашты, ал эми «Кыргызстандын өнүгүшү үчүн билим берүү долбоорлору жана маалыматтык технологияны окутуу боюнча Догдургуль Кендирбаева («Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору), Зейне Кудайбергенова (Францияда иштеген клиникалык психолог), Банур Абдиева («Лидер» жарандык демилгенин директору) өзүлөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп өтүштү. “Чөйрө-2022” форумунда Кыргызстанга жана кыргыз диаспорасына тиешелүү маселелерди негизинен IT же маалымат технологиялары аркылуу чечүү жолдоруна көңүл бурулду. Мындан тышкары Европадагы кыргыз диаспораларын бир конфедерацияга бириктирүү, бизнесмендердин катарын калыңдатуу, мигранттарга психологиялык жактан жардам көрсөтүүчү онлайн платформа түзүү сыяктуу бир катар сунуштар айтылды.


Форумдун экинчи күнүндѳ Азамат Исмаилов мындан тышкары Европада кыргызстандыктардын жарандык уюмдары көп болгону менен кыргыз ишкерлеринин саны аз экенин белгиледи. Ал кыргыз диаспорасынын арасында бизнестин көзүн тапкандар көбөйсө, алардын жардамы менен айрым маселелер чечилерин кошумчалады.


Форумга катышкан кыргызстандык ишкер, Түркиядагы “Кыргызстан” достук жана маданият коомунун негиздөөчүсү Айбек Сарыгул Европадагы кыргызстандык ишкерлердин башын бириктирген бизнес клуб керек экенин баса белгилеп, “Чөйрө” форумун уюштурган IT адистерди бул багытта атайын санарип платформа түзүүгө чакырды.


Эки күндүк иш-чаранын алкагында катышуучулар бири-бири менен тажрыйбасын бөлүшүп, мекендештердин Кыргызстандын ар кыл тармактарына салым кошуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.