Ташкентте CSSF’тин «Татыктуу жашоо» долбоорунун киришүү семинары өттү

July 17, 2022, 00:46

2022-жылдын 15-16-июлунда Ташкент шаарында CSSF’тин «Татыктуу жашоо» региондук долбоорунун алкагында киришүү семинары болуп өттү.

 

Иш-чарага «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун өкүлдөрү Роза Кайыкова жана Элмира Искакова катышты.

 

Региондук семинарды «International Alert» уюму уюштурду, ал позитивдүү дүйнөнү куруу жана зомбулукту азайтуу урматында иштейт.

 

Семинардын алкагында Кыргызстандын жана Тажикстандын өнөктөш уюмдары өз өлкөлөрүндөгү жарандык коом кыймылдары жөнүндө айтып берди. «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын директорунун орун басары Роза Кайыкова өз презентациясында Фонддун иши жана Фонд ишке ашырган долбоорлор жөнүндө айтып берди.

 

Семинардын катышуучулары «Татыктуу жашоо» долбоорунун концепциясы жөнүндө кең-кесири биле алды. Сексуалдык жана гендердик зомбулукту четтетүү боюнча идеялар жана сунуштар талкууланды.

 

«Татыктуу жашоо» методологиясын пайдаланып, International Alert үй-бүлөлүк мамилелерди өзгөртүү үчүн ар кандай муундардагы эркектер менен, ошондой эле айымдар менен иштейт. Бул кыз-келиндерге карата туура эмес түшүнүктөрдү төмөндөтөт, зомбулуктун ар кандай түрлөрүн азайтат жана үй-бүлөдө экономикалык чечимдерди кабыл алууга аялдардын катышуусун арттырат.