Кыргызстандыктардын «Чөйрө 2022» эл аралык форуму Швейцарияда өтөт

July 11, 2022, 08:25

2022-жылдын 11-июлунан тартып 14-июлуна чейин Швейцария Конфедерациясынын туристтик борбору болуп саналган Люцерн (Luzern) шаарында кыргызстандыктардын «Чөйрө 2022»: «Санариптик кылымдын көйгөйлөрү Кыргызстандын өнүгүшүнүн мүмкүнчүлүгү катары» деген IT-форуму өтөт.

 

Жолугушуу Кыргызстандын көйгөйлөрүнө кайдыгер эмес мекендештердин санариптик өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы барагын ачат, жарандардын жана коомдоштуктардын башын бириктирүүдө, өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык, ошондой эле маданий турмушуна адамдардын катышуусун жигердештирүүдө позитивдүү роль ойнойт деп пландаштырылууда.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Догдуркуль Шаршеевна «Чөйрө 2022» форумуна катышат, ал жерде панелдик дискуссиянын алкагында Фонддун эң ийгиликтүү демилгелеринин бири болуп саналган «Мекендештер форуму» жөнүндө айтып берет.

 

Форумдун программасы пленардык жыйналыштардын ишин, секциялардагы ишти, тематикалык панелдик дискуссияларды өткөрүүнү карайт.