Нарын облусундагы “Жайлоо өнүгүү борборлорунда” Конфуций институтунун мугалимдери мастер-класстарды өткөрүштү.

July 4, 2022, 11:07
2022-жылдын 28-30-июнунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү жана К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций инситутунун мугалимдери Нарын облусундагы “Жайлоо бала бакчаларына” барышты.

Иш-чарага Конфуций институтунун директору Ду Хуа жана "Роза Отунбаеванындемилгеси" эл аралык коомдук фондунун өкүлү Абдыраимакунова Чынара катышышты.

Конфуций институтунун өкүлдөрү Нарын облусундагы Нарын, Ат-Башы жана Кочкор райондорунун төрт “Жайлоо өнүгүү борборлорунда” балдарга түстүү кагаздан ар түрдүү оймо-чиймелерди кескенди, оюнчуктарды жасаганды үйрөтүп, каллиграфия боюнча мастер-класстарды өтүштү. Ошондой эле Панданы демонстрациялоо өтүп, “кытай чай аземин” көрсөтүлдү.

Уюштуруучулардан балдарга белек-бечкектер, оюнчуктар ыйгарылды. Балдар, ата-энелер оюндарга активдүү катышышты жана Кытай таануу боюнча суроолорго жоопторду бергендер үчүн атайын сыйлыктар берилди. Кочкор районундагы Кара-Кунгөй айылындагы “Аруузат” жайлоо өнүгүү борборунун ачылыш аземи болуп, ага Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Табылдиева Чынара, райондук маданият бөлүмүнүн жетекчиси Адекова Жазайым, ата-энелер жана 37 бала катышып, балдардын жана тарбиячылардын күчү менен даярдалган концерт менен коштолду.

Нарын районунун Эки-Оттук участкасындагы “Роза Өмүракунова атындагы” жайлоо өнүгүү борборунда мастер класстарда 24 бала жигердүү катышышты.

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын А.Шадыбеков жайлоо өнүгүү борбору Каманды жайлоосуна чыгышкан. Учурда 35 бала 3 сааттык өнүгүү сабактарына катышууда Конфуций институтунун 9 мугалими түстүү кагаздан ар түрдүү оймо-чиймелерди кесүү, оюнчуктарды жасоо, каллиграфия боюнча мастер-класстарды, Панданы демонстрациялоо жана “кытай чай аземин” көргөзүштү.

Бул өнүгүү борборуна Россиянын Челябинск шаарынан 3 баласы менен келген Айжамал Курманалиева да катышып, өзүнүн балдары үчүн бул өнүгүү борбору алардын кыргыз тилин үйрөнүүгө, кыргыз балдары менен чогуу кыргыз оюндарын ойноп аралашууга чоң салым кошуп жатканын белгиледи.
65 жаштагы Бирлик айылынын тургуну Абдрахманова Роза бул өнүгүү борборуна 9 небереси келип, сабактарга катышып, ийгиликтүү эс алып жатканын баса белгиледи.

Ат-Башы районуну Терек-Суу айылынын Муса кызы Бейшегүл атындагы бала бакча Балыкты-Суу жайлоосуна чыгышкан. Бул жайлоо өнугүу борборуна 27 бала, 10 ата-энелер катышышты. Бул өнүгүү борборунун өзгөчөлүгү-балдар 3 саат эмес, 5 саат өнүгүү борборунда болушуп, ата-энелердин колдоосу менен жеңил тамак берилгендиги.

Бардык жайлоо өнүгүү борборлорундай эле, бул жерде да жайлоого айылдан барган адамдардын эле эмес, Бишкек, ошондой эле чет мамлекеттерден эмгек эс алуу өргүүсүнө келген кыргыз боордошторубуздун балдары да барышат. Бала бакчанын тарбиячысы Молдакунова Эльмира 3 жылдан бери жайлоого чыгып иштеп жаткандыгын жана ата-энелердин жигердүү колдоосун белгиледи.
Амантур кызы Жаңыл Терек-Суу айылынын тургуну: ”Менин 4 балам ушул өнүгүү борборуна келип 5 саат окуп, ойноп, билим алып жаткандыгы абдан жакшы. Балдарым бул жерде окуп, билим –тарбия алып жаткан мезгилде мен чарба жумуштарымды бүтүрүп алам, бул да мага жеңилдик болот” деди.

Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Турдумамбетова Салтанат мындай деди: “Райондун бала бакчалары 5-июндан баштап жабылып калгандыгы көйгөй болуп жатканда, жайлоо өнүгүү борборлорунун жай мезгилинде иштеп жаткандыгы эң мыкты альтернатива болууда”.
Иш чараларга катышкан ата-энелер да уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.