Кытай дубалынан тартып «жалгыз мүйүздүүлөр» компанияларына чейин: «Кытай бүгүнкү күндө» деген жаңы китеп жарыкка чыкты.

June 21, 2022, 10:08

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду азыркы Кытай боюнча энциклопедияны чыгарды. Жол көрсөтүүчү басылма, анын жардамы менен силер табышмактуу өлкө боюнча кызыктуу сапарга аттанасыңар жана императордук сарайлардын алтын чатырларынын сырларын, эмне үчүн Кытайда накталай акчаны колдонбостугун, «жалгыз мүйүздүүлөр» деген кытай компаниялары эмне менен даңктана тургандыгын, «Асмандын көзү» Кытайдын кайсы жеринде, эң татаал иероглифтин мааниси кандай, эмне үчүн азыркы кытай көркөм өнөрү дүйнөдөгү эң атактуулардын бири экенин, ошондой эле Кытайдын бүгүнкү күндө биз колдонуп жаткан улуу ойлоп табуулары жөнүндө жана көптөгөн башка нерселер жөнүндө биле аласыңар.

 

Кооз сүрөттөр жана баш катырмалар, ошондой эле QR коддору бар, алардын жардамы менен видеону табууга жана көрүүгө, айрымдарын англис тилинде көрүүгө болот.

 

Китеп дүйнө өлкөлөрүнүн жана элдеринин тарыхына кызыккандарга жана азыркы Кытай жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалагандардын бардыгына арналган.

 

Китепти түзүү идеясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу, КР экс-Президенти Роза Отунбаевага таандык.

 

Авторлор: Алтынай Жунусова, Жаныбек Капаров

Долбоордун эксперти: Кенжекан Усупова

Дизайнер: Надежда Хабичевская

Кооздоочу сүрөтчү: Айзат Жунусова

Редактор-корректор: Татьяна Кузьмина

Корректор: Мария Джалая

 

Басылманы кыргыз жана орус тилдеринде сатып алууга болот.

Баасы 1000 сом.

Силер алдын ала 0555004240 номерине телефон чалып, бардык китептерди Фонддун офисинен сатып ала аласыңар.