«Конушумда таза аба» долбоорунун биринчи фазасы башталды

May 27, 2022, 07:12

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Инновациялык борбор»мамлекеттик мекемеси жана «Юнисон Групп» коомдук фонду менен бирдикте Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен «Конушумда таза аба» долбоорун ишке ашырууну баштады.


Долбоордун максаты Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жашап жаткан ички мигранттардын абанын булганышын четтетүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымдар болушун жогорулатуу жана тренингдерди өткөрүү аркылуу алардын потенциалын арттыруу болуп саналат.


Соңку жалдардын ичинде Бишкекте абанын булганышы эң зор экологиялык жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн бири болуп калды. Бишкек шаары кыш мезгилинде абанын булганышынын деңгээли боюнча дүйнөнүн шаарларынын тизмесинин башында турат.


Долбоордун алкагында жаңы конуштардын тургундары энергия жагынан натыйжалуу технологияларды пайдалануу боюнча, жашыл көчөттөрдү туура тандоо жана отургузуу эрежелери боюнча, ошондой эле абанын булганышын четтетүү боюнча потенциалды жана маалымдар болууну жогорулатуу үчүн турмуш-тиричилик калдыктарын жок кылуу боюнча окутуудан өтөт. Ошондой эле жаңы конуштардын тургундары үчүн шаарда экологиялык жагдайды жакшыртуу боюнча долбоорлорду жазуу боюнча тренингдер өткөрүлөт. Жергиликтүү тургундардын эң мыкты демилгелери, эко долбоорлору алдыга коюлган максаттарды жана жаңы конуштардагы инфраструктураны жакшыртуу менен байланышкан милдеттерди жүзөгө ашырууга 10 000 АКШ долларына чейинки чакан гранттарды алат.


«Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси жаңы конуштардын тургундарына прототиптерди жасоо жана тренингдин катышуучуларынын идеяларын текшерүү үчүн “Fablab” жана “Youth Lab” өндүрүштүк лабораторияларына баруу мүмкүнчүлүгүн, бизнес-пландарды жазуу үчүн коворкинг зоналарды, ошондой эле акысыз негизде китепканалардын ресурстарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.


Долбоор Бишкек шаарынын абанын булганышынын алда канча жогорку деңгээли белгиленген 25 жаңы конушунда жүзөгө ашырылат.


2022-жылдын 25-майында Попеновка, Ала-Арча, Орок, Арча-Бешик турак жай конуштарынын 22 кварталдык комитеттери менен жолугушуу болуп өттү. Долбоордун командасы аларга долбоордун максаттары жана экология темаларына, жашыл көчөттөрдү отургузууга, энергиянын натыйжалуулугуна жана орду толуп туруучу энергия булактарынын технологияларына арналган маалыматтык кампания жөнүндө кең-кесири айтып берди.