Р.И.Отунбаева Варшава шаарында өтө турган «Аялдар технологияларда» саммитине катышат

May 19, 2022, 22:18

7-8-июнда Польшанын Варшава шаарында өтө турган «Аялдар технологияларда» PerspektywyWomen in Tech саммити – Европадагы технологиялар жана IT чөйрөсүндөгү айымдарды бириктирген иш-чара. Өткөн жылы иш-чара 103 өлкөдөн 8 300дөн ашык катышуучуну чогулткан.


Perspektywy Women in Tech Summit 2022 – бул жаңы технологиялар гана эмес, ошондой эле заманбап, туруктуу лидерлик. КР Экс-Президенти Р.И.Отунбаева Perspektywy Women in Tech’тин ачылышында сөз сүйлөйт.


Кыргызстандан ошондой эле ИТдеги 20 студент кыз, ИТдеги жаш кесипкөйлөр катышат.