ОшМУда “STEM”фестивалы башталды

April 27, 2022, 11:00

ЮНИСЕФ балдарды коргоо уюмунун колдоосу менен “Р.Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фонду Ош шаарындагы жана Кара-Суу районундагы мектептерде “Илимдеги кыздар” долбоорун ишке ашырып келе жатышат. Бул программанын алкагында мектеп окуучуларына STEM тармагы боюнча кесипке багыт берүү максатында  университетте “STEM фестивалы” уюштурулду.   



Ага Ош шаарындагы бардык жогорку окуу жайлар, 10догон окуу борборлор, мектептер катышууда.  Фестивалда илимге, техникага, программалоого, табийгый илимдерге кызыктыруучу мастер класстар, СТЕМ жана ментордук программалар боюнча презентациялар, технологиялардын колдонулуштары боюнча презентациялар жасалат. 



Иш-чаранын алкагында  окуучу-кыздар Ош шаарындагы жогорку окуу жайларга экскурсия жасашат. Бул долбоорго Ош шаарынан жана Кара-Суу районунан жалпысынан 20 мектеп катышууда. 



Долбоор 2020-жылы башталып, 14-17 жаштагы өспүрүм кыздарды илимге, техникага, технологияга жана искусствого кызыктыруу, өспүрүм кыздар арасында СТЕМ багытын популиризациялоо,Или мдеги кыздар долбоорундагы менторлордун тажрыйбаларын жайылтуу. Ментордук программанын катышуучуларына тажрыйба алмашуу аянтчасын уюштуруу. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыт берүү жана СТЕМ адистиктерине шыктандырууга багытталган. 



Долбоордун алкагында бүгүнкү күндө 80 окуучу-кыздар Секом окуу борборунда ЖРТга даярдануу курсунда акысыз окуп жатышат. Ал эми ментордук программага 50 дөй устат эжекелер катышып 500гө жакын өспүрүм кыздарга долбоордун максаттарына ылайык иш чараларды  өткөрүп кыздарга таалим берип жатышат. Фестиваль 29-апрелде жыйынтыкталат.


https://www.oshsu.kg/ru/news/826