"Илимдеги кыздар" долбоорунун экинчи баскычы жыйынтыкталууда

April 24, 2022, 13:23

Бишкекте "Илимдеги кыздар" долбоорунун экинчи баскычын жыйынтыктаган иш-чара өтүп жатат.

23-апрелде "Супара" этнокомплексинде уюштурулган менторлор менен жолугушууга Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Кристин Жольм, менторлор жана окуучулар катышууда.

"Илимдеги кыздар" долбоору Кыргызстандагы окуучу кыздарды STEM багыттарына кызыктыруу максатын көздөйт. Долбоордун алкагында технология, илим жана маданият тармактарында ийгилик жарата алган 160 айым беш ай бою Бишкек, Ош, Чүй облустарынын мектептеринин 7-10-класстарында окуган 1326 окуучу кызга менторлук кылышты.

Иш-чаранын биринчи баскычында 816 кыз менторлор менен иштешкен.

Долбоорду "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашырууда.