“Манас кыргыздардын баатырдык эпосу”китеби “Жеткинчек” сыйлыгын алды

April 22, 2022, 11:09

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду которуп, басып чыгарган немис тилиндеги  “Манас кыргыздардын баатырдык эпосу” басылмасы “Китеп искусствосу” Улуттук сынагында сыйлыкка ээ болду.


Басма ишканалары жана типографиялар аралык улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо 23-апрель, Эл аралык китеп күнүн майрамдоо алкагында өттү.


Сыйлыкты КР маданият,маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун китеп чыгаруу боюнча эксперти Кенжекан Усуповага тапшырды.


Фонд негизделгенден бери китеп басып чыгаруу иши менен балдар жана жаштар арасында дүйнөлүк жана улуттук адабиятты даңазалап келет. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду чыгарган бардык басылмалары кайталангыс – булар кыргыз тилине биринчи жолу которулган чыгармалар, ар түрдүү тематикадагы китептер (балдар адабияты,өмүрү өрнөк адамдар,ата-энелерге кеӊеш).


Буга чейин “Китеп искусствосу”-Улуттук сынагында Фонд басып чыгарган “Кыз китеп”, “Балдарга базарлык” “Балерина” “Манас” (кыргыз тилинде), “Балдарга искусство тууралуу” китеп топтому сыйлыктарды алган.


Ал эми  КМШ  өлкөлорүнүн  арасында  эл аралык "Искусство книги"  сынагында  "Манас кыргыздын баатырдык эпосу" сүрөттө кыргыз тилинде , "Балерина", "Балдарга көркөм өнөр жөнүндө", " Ой учкундары", "Кыз китеп" басылмалары 1чи2чи  даражадагы дипломдорго жана Атайын сыйлыктарга таттыктуу болгон.