2022-жылдын 18-20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын Германия Федеративдүү Республикасына иш сапары болуп өттү

April 21, 2022, 12:09
2022-жылдын 18-20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын Германия Федеративдүү Республикасына иш сапары болуп өттү.

Иш сапардын алкагында белгилүү профессионалдык немис видео тартуу «Astfilm productions» аттуу студиясында Р.И.Отунбаеванын интервьюсу болуп өттү. Ал немис жана эл аралык аудитория үчүн СССРдин түзүлүшү жана өнүгүүнүн негизги этаптары жөнүндө документалдык тасма даярдоодо. Тасма «Arte» арттуу немис-француз биргелешкен телекомпаниясында тартууланат.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинде кыргызстандыктардын Германиядагы «BIZ» аттуу коомдук бирикмесинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын төрагалыгы астында айым-лидерлер форуму болуп өттү. Ага кыргызстандыктардын Германиядан жана Чехиядан келген өкүлдөрү катышты. Форумдун жүрүшүндө Кыргызстанды социалдык жана маданий-гуманитардык колдоо боюнча долбоорлор, ошондой эле айымдардын коомдогу ролу тууралуу маселелер талкууланды. Форумдун катышуучулары Р.И.Отунбаеванын өлкөнү өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын биринчи Айым-Президенти катары өзгөчө ролун, кесиптик жолун жана Кыргызстанда гана эмес, чет мамлекеттерде дагы белгилүү экендигин белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын Германия Федеративдүү Республикасынын Экс-Президенти Й.Гаук менен жолугушуусу болду. Анын жүрүшүндө дүйнөдөгү кырдаал жана эки өлкөнүн ортосундагы ар кандай тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашуу болду. Йоахим Гаук -Германиянын саясий ишмери, 2012-2017-жылдары Германиянын Федералдык Президенти болгон.

Иш сапардын жүрүшүндө Р.И.Отунбаева Германиянын мурдагы Канцлери Вилли Брандттын форумуна да барды, анын китебин Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти Германиянын легендарлуу канцлери катары Кыргызстандын өсүп келе жаткан муунунун инсандык сапаттарын өнүктүрүү үчүн кыргыз тилине которуп жатат. Вилли Брандт Германиянын саясатчысы болгон, 1969-1974-жылдары Германия Федеративдүү Республикасынын Канцлери болгон. Вилли Брандт Германиянын Канцлери катары Варшава келишиминин мамлекеттери менен мамилелерди жеңилдетүү жана «Жаңы чыгыш саясаты» менен элдешүү курсун жолдоп, 1971-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси болгон.