Монтессори-педагогика боюнча тренинг: Алгачкы ийгиликтер. Алгачкы натыйжалар.

November 14, 2013, 06:00

12-ноябрда Монтессори-педагогика боюнча тренингдин ортолук аттестацияны ийгиликтүү тапшырган катышуучуларына окутуучу курстун биринчи баскычын аяктагандыгы жөнүндө Эл аралык Монтессори-педагогика институтунун сертификаттары тапшырылды.

 

Эске сала кетсек, фонддун демилгеси менен Монтессори-педагогика боюнча тренингдердин эки жылдык цикли Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Тренингдерди Эл аралык Монтессори-педагогика институтунун директору Надежда Николаевна Смирнова өткөрүп жатат, ал Россияда гана эмес, ошондой эле анын чегинен тышкары жактарда таанымал Монтессори-педагогдордун бири болуп саналат.

 

Тренингдер аяктагандан кийин, 2014-жылдын жайында, Бишкекте сертификат алган Монтессори-педагогдордун бүтүндөй тобу боло тургандыгы пландалууда.