«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен Кыргызпатенттин алдындагы «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койду

April 13, 2022, 05:27

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен Кыргызпатенттин алдындагы «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койду.

 

Жагымдуу шарттарды түзүүгө жана биргелешкен агартуу долбоорлорун ишке ашырууга багытталган стратегиялык өз ара аракеттенүү максатында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Кыргызпатенттин алдындагы «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө даяр. Тараптар төмөнкүдөй багыттар боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашты:

-     өлкөнүн калкынын билим, илимий-техникалык, чыгармачылык жана эмгек потенциалын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду биргелешип иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

-     экологиялык коопсуздуктун негиздерине карата инновациялык ыкмалар боюнча биргелешкен агартуу иши;

-     жалпы программаларды киргизүүгө көмөктөшүү жана биргелешкен иш-чаралардын алкагында иш-чараларды (съезддерди, форумдарды, симпозиумдарды, конгресстерди, конференцияларды, семинарларды, тренингдерди, фестивалдарды, брифингдерди, көргөзмөлөрдү, конкурстарды, жолугушууларды) өткөрүү;

-     иштин тиешелүү тармактарында Тараптар топтогон тажрыйбаны жана билимдерди алмашуу.

 

Кызматташтык жөнүндө меморандумга «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун директорунун орун басары Роза Кайыкова жана Кыргызпатенттин алдындагы «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин директору Мээрим Ормушева кол койду.